Баткенде диний экстремисттик уюмдун мүчөсү көз карашынан баш тартты

Баткенде диний экстремисттик уюмдун мүчөсү көз карашынан эл алдында баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, көз карашынан баш тарткан Баткен облусунун 1967-жылы туулган К.А.Г. аттуу тургуну. Ал Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн.
Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адам тандап алган диний багытын туура эместигин моюнга алып, Кыргызстандын жарандарын Эл аралык террористтик уюмдун/Диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырды.
Учурда КР УКМК Эл аралык террористтик уюмдун/Диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.