ОшТВ телерадиокомпаниясы

Баткенде дээрлик 700 миң сомдук аткезчилик тамеки кармалды

 Баткенде дээрлик 700 миң сомдук аткезчилик тамеки кармалды

Баткен облусунда дээрлик 700 миң сомдук аткезчилик тамеки кармалганын бажы кызматынан кабарлады. 

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарында Кыргызстандын Ф.Н.А аттуу жаранынын башкаруусундагы «Hyundai Porter»  автоунаасы токтотулуп текшерилген. Анда Тажикстандын акциздик маркасы менен «Parliament Aqua Blue» жана акциздик маркасы жок «ESSE CHANGE W» соода маркасынын фильтрлүү тамекилери табылган.

Алардын саны 139 800 даана. Ал эми товардын жалпы наркы 699 000 сом. Тамекини чектеш мамлекетке ташып бара жаткан жаран бажы мыйзамдарын бузгандыгы аныкталган.

Факт Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан бузуулардын бирдиктүү реестринин маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жанылыктар