Баткенде 30 тоннага жакын контрабандалык жүк кармалды

 Баткенде 30 тоннага жакын контрабандалык жүк кармалды

Мамлекеттик бажы кызматы Баткенде дээрлик 30 тонналык контрабандалык жүк кармалганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери Исфана-Баткен-Ош автожолунда “Мерседес-Бенц Атего 1218” үлгүсүндөгү унаа текшеришкен. Автоунаанын жүк салынуучу бөлүгүн текшерип кароодо Пакистан Республикасы өндүргөн “СП AAMIR и AL YOUSUF” маркалоосу менен 1100 куту санда мандариндер — товары табылган. Мандариндердин жалпы салмагы 11 792 кг түзгөн, жүк ЕАЭБ аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товар коштоочу документтерсиз болгон.

КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 777 040 сомго бааланат. Аталган факт КЖБР МЭЖге катталып, иш боюнча материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Мындан тышкары, “Баткен” бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте Исфана-Баткен-Ош унаа жолунда “Kogel”үлгүсүндөгү жарым чиркегичи менен “Volvo” үлгүсүндөгү унааны текшеришкен.

Транспорттук каражаттын жүк салынуучу бөлүгүн текшерүү учурунда ЕАЭБ аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган тиешелүү жүк ташуу документтери жок 17 660 кг санда “Е” белгиси бар тоңдурулган тоок фаршы табылган.

Иштин чогултулган материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте андан ары кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

 

Жанылыктар