Баткенде дээрлик 10 тонна аткезчилик минералдык жер семирткич алынды

Баткенде контрабандалык жол менен ташылып келген дээрлик 10 тонна минералдык жер семирткич кармалды. Бул тууралуу бажы кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылында минералдык жер семирткич карбамид жана аммиак селитрасы товарларын табышкан. Жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.
Кармалган товардын жалпы салмагы 9650 кг түзгөн. КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 448 миң 200 сомду түздү.
Факты боюнча чогултулган материалдар КККБ жана БЭБ бөлүмүнүн бажылык териштирүү секторунда каралууда.