Баткенде чек ара чырында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жөлөкпул берилет

Сүрөт интернеттен алынды
Министрлер Кабинети тарабынан былтыр 28-30-апрелде Баткен облусундагы чек ара чырында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби боюнча токтом кабыл алды.
Министрлер Кабинетинен билдиргендей, кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө берилет:
– курман болгон жарандын балдары жана асырап алган балдары – ата-энесинин өлгөн күнүнөн тартып, алар он сегиз жашка толгонго чейин;
– курман болгон жарандын ата-энеси (атасы, энеси) – пенсия курагына жеткен күндөн тартып, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо – өмүр бою;
– ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жарандар – майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул эсептик көрсөткүчтөрдүн отуз жети өлчөмүндө дайындалат.