Баткенде блогерге кол көтөргөн аткаминер миллиондук тендерлердин жеңүүчүсү

 Баткенде блогерге кол көтөргөн аткаминер миллиондук тендерлердин жеңүүчүсү

Алихан Ураимов

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппарат башчысы Алихан Ураимов менен блогер Батмакан Жолдубаеванын чырлуу окуясы коомчулукта талкуу жаратты. Биздин редакция Ураимовдун миллилондук тендерлердин жеңүүчүсү экенин аныктап чыкты. 

Эске салсак, 5-февралда Батмакан Жолболдубева «Ишеним» жана «Ынтымак» фракцияларынын кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу көчмө жыйынына катышуу үчүн барганда облустук администрациянын аппарат жетекчиси Алихан Ураимов жыйынга аны киргизбей койгон

Жыйынтыгында Жолдубаева аппарат башчы кол көтөргөнүн айтып, ооруканага жатса, Ураимов Батмакан Жолдубаевны айыптап, провакация уюштурганын билдирген

Батмакан Жолдубаева 7-февралда кайрадан кайрылуу жасап, Ураимовдун жакындары аны «кыздарыңды ойло» деп коркутканын айтып чыкты.

Биз ачык булактардан чиновниктнин мамлекеттик кызматта турган учурда 700 миң сомго жакын тендерлерди утканын аныктап чыктык.

Алихан Ураимов деген ким?

Ураимов Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин 1999-жылы, Баткен мамлекеттик университетин 2020-жылы аяктаган

Ал эмгек жолун 2003-жылы улуттук коопсуздук кызматында иштөө менен баштаган. 2012-2013-жылдары Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын коргонуу жана укук тартип иштери боюнча бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген.

2012-2016-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. 

Ал 2016-жылдын март айында  мамлекеттик сатып алуулар порталында жеке ишкер катары каттоодон өтүп, бир айдан соң мамлекеттик тендерлерге катыша баштаган. 

2016-жылдын 20-июнунан баштап 2017-жылдын 30-октябрына чейин мамлекеттик сатып алууларга катышып, 66 жолу тендер уткан. Жеңип чыккан тендерлердин жалпы суммасы 3 миллион сомдон ашкан. 

Алардын  ичинен 48ин Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун 86017-аскер бөлүгүнөн утуп турган. Бул ишкана Баткен шаарында жайгашкан. Ураимов 2012-2013-жылдары Баткен облустук администрациясында коргонуу жана укук тартип иштери боюнча бөлүмүндө иштеген.

Ал уткан тендерлердин дээрлик баарында азык-түлүк жеткирип берип турган.

Алихан Ураимов 2017-жылдын 30-октябрында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында жетектөөчү адис, сектор башчы болуп дайындалган. Ал мамлекеттик кызматка дайындалгандан кийин тактап айтканда 2017-жылдын 6-ноябрынан 22-декабрга чейинки аралыкта дээрлик 700 миң сомдук тендер уткан. Анын баарында түз келишим аркылуу жеңүүчү болгон.

Алихан Ураимовдун өзү менен байланышканыбызда блогер Батмакан Жолдубаевага тиешелүү окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын айтып, редакциябызга тендерлер тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Кызыкчылыктар кагылышы

Эксперт Замир Пусуртегин ишкер мамлекеттик кызматка дайындалгандан кийин тендерге катышуудан баш тартышы керектигин белгилейт. Юристтин айтымында мамлекеттик кызматкердин тендерге катышуусу мыйзамды одоно бузуу болуп эсептелет.

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын 6-беренесинде кызыкчылыктар кагылышы деген бар. Ошол жерде Байланышы бар тараптар сатып алууга катыша албайт. Анткени байланышы бар адамдарга тууганчылыгы бар, сатып алуучу ишкананын жетекчилиги мененби же кайсы бир кайсы бир кызматери мененби байланышы болушу мүмкүн. Андан сырткары саясий кызматтагы адамдар, мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлердин бир туугандары менен байланышкан фирмалар дагы мамлекеттик сатып алууларга катышканга укугу жок”,- деди Замир Пусуртегин. 

Жыйынтык: 

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппарат башчысы Алихан Ураимов 2016-2017 жылдары жалпы жонунан 3 миллион сомдук тендерлерди уткан. Анын ичинен 700 миң сомун мамлекеттик кызматты аркалап турганда алган.

Жанылыктар