Баткенде бир миллион долларга кичи ГЭС курулуп жатат. Видео

 Баткенде бир миллион долларга кичи ГЭС курулуп жатат. Видео

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кыштут айыл аймагына бир миллион долларга кичи ГЭС курулуп жатат. Анын курулушун жаз айларына бүтүрүү пландалууда. 

Райондук администрациядан кабарлагандай, ГЭСтин курулуш иштери жергиликтүү бийликтин демилгеси менен сентябрь айында башталып, жергиликтүү ишкер инвестор болгон. Бул демилге ишке ашса Кыштут айыл өкмөтүнө жакын Дара аймагы да толук электр жарыгы менен камсыз болот.

Район акими Учкунбек Жоробаевдин айтымында, кичи ГЭС үчүн 1 миллион доллардан ашык акча каражаты жеке инвестор тарабынан каржыланган. Мындан ары кичи ГЭСтерди жана альтернативдүү энергия булактарын курууга басым жасалат.

Жанылыктар