Баткенде аткезчилик менен ташылып бара жаткан жер семирткичтер аныкталды

 Баткенде аткезчилик менен ташылып бара жаткан жер семирткичтер аныкталды

Аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан «аммиак селитрасы» жана «карбамид» минералдык жер семирткичтери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Анда маалымдалгандай, Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылында «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 30 кап “аммиак селитрасы” минералдык жер семирткич жана 163 кап “карбамид” менен кармалган.

Аталган товарлар бажылык тариздөөдөн өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери жок ташылып келген.

Учурда кармалган унаа жооптуу сактоочу жайга коюлуп, жүк Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар