Баткенде аскер кызматкери кокусунан атылган октон каза тапты

 Баткенде аскер кызматкери кокусунан атылган октон каза тапты

Баткендеги чек ара отрядында аскер кызматкери кокусунан атылган октон каза тапты. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, чек ара постундагы нөөмөт учурунда Чек ара кызматынын 26 жаштагы З.Ж. аттуу аскери АК-74 автоматынан кокусунан ок чыгарган. Ок 21 жаштагы У.Б. аттуу аскер кызматкеринин мойнуна тийген.

“Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, өмүрүн сактоого көрүлгөн бардык аракеттерге карабастан жоокер алган жараатынан улам каза болуп калган”,-деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилди. Окуя болгон жерге Аскер прокуратурасынын Баткен гарнизонунун өкүлдөрү барды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар