Баткенде талкаланган үйлөр: 85миң 341 куб метр таштанды чыгарылды

 Баткенде талкаланган үйлөр: 85миң 341 куб метр таштанды чыгарылды

Баткенде соңку 14-17-сентябрдагы чек ара чырында талкаланган 309 турак үй бузулуп, тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Натыйжада жалпы көлөмү 85 миң 341 куб метр таштанды чыгарылды.

Анын ичинен Баткен району боюнча жараксыз абалга келген 322 турак үйдүн ичинен 211 турак үй бузулуп, 62 миң 571 куб метр курулуш таштандылары тазаланган.

Белгилесек, чек ара жаңжалында 661 турак үй жабыркаган. Анын  423ү жашоого жараксыз, 238и оңдоп түзөөгө муктаж деп табылды.

Жанылыктар