Баткенде 55 жаранга мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелер мамлекетке кайтарылды

 Баткенде 55 жаранга мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелер мамлекетке кайтарылды

Баткен облусунун Исфана шаардык мэриясы тарабынан 55 жаранга мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Исфана шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз түрдө 55 жарандын ар бирине 0,06 га, жалпысы 3,3 га жер тилкеси  жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча Исфана шаарынын мурунку мэри А.А. Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакциясы) 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыбы угузулуп, кылмыш иши кароо үчүн Лейлек райондук сотуна жиберилген.

Облустук прокуратуранын сотко келтирген доо арызы менен жалпы 44 млн. сомдук жер тилкеси Исфана шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарылды.

Жанылыктар