Баткенде 450 жарандын документи калыбына келтирилди

 Баткенде 450 жарандын документи калыбына келтирилди

Баткенде 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жоголгон же жабыркаган 450 жарандын документтери бекер калыбына келтирилди. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров билдирди.

Мамбеткадыров документтер Баткен облусунун жашоочуларынын расмий түрдө аймактардагы калкты тейлөө борборлоруна кайрылуусунан кийин калыбына келтирилгенин айтты. Ал үчүн ыкчам топтор документтерди калыбына келтирүүнүн тартиби боюнча консультация беришти.

Соңку чек ара чырында Баткен облусунда турак жайлар талкаланып, өрттөлгөн. Мунун айынан жергиликтүү тургундар документтерисиз калган.

Жанылыктар