Баткенде жаңы курулган 332 турак жай колдонууга берилди

 Баткенде жаңы курулган 332 турак жай колдонууга берилди

2022-жылдын сентябрындагы куралдуу кагылыштын кесепетинен Баткен облусунда 422 үй жарактан чыккан. Анын 418и жаңыдан курулуп, 4 үй капиталдык ремонттон өтүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, бүгүн, 24-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында жаңы бүткөн үйлөрдүн курулушу менен таанышты.

Жергиликтүү тургундар менен баарлашуу учурунда Акылбек Жапаров чек ара, жазгы талаа иштерине жана башка социалдык маселелерге байланыштуу суроолорго жооп берди.

“Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилди. Тажикстан менен дагы чечебиз. Маселе президенттин көзөмөлүндө. Президенттин тапшырмасы менен бузулган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери аяктоодо. Мындан ары жалаң жакшылыктар болсун”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин толук салынып бүткөн турак жайларды кошкондо бүгүнкү күндө 332 үй колдонууга берилди. Калган 86 үйдүн толук курулушу мартта аяктайт.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен, КР Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

Жанылыктар