Баткенде 2 тоннадан ашык контрабандалык жүк кармалды

 Баткенде 2 тоннадан ашык контрабандалык жүк кармалды

Баткенде контрабандалык жол менен 2 тоннадан ашык кир жуучу айна ташылып келгени аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматта айтылшандай, Баткен облусунда М.Д.Б. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz 310 үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынып, жыйынтыгында унаадан кир жуучу айналар табылган.

Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес. Кармалган товардын жалпы салмагы 2020 кг, орточо базар баасы 400 миң 830 сомду түзөт”,-деп айтылат билдирүүдө.

Факт боюнча чогултулган материалдар териштилип жатат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар