Баткенде 136 миң, Чоң-Алайда 2 800 адам эвакуацияланды

Саат 21:00гө карата Баткен облусу боюнча 136 миңден ашык адам эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, жалпы 136 миңден ашуун адам коопсуз аймакка эвакуацияланды. Алар: Баткен районунун, Баткен шаарынын, Лейлек районунун, Раззаков шаарынын тургундары.
Мындан тышкары, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылынан 2 800гө жакын жаран Дароот-Коргон жана Кашка-Суу айылдарына эвакуацияланган. Эвакуация боюнча маалымат кошумча такталууда.
Баткен облусунда эвакуацияланган жарандарга тамак-аш, гигиеналык каражаттар топтому жана жууркан-төшөктөр жеткирилүүдө. Учурда Бишкек шаарында 5 жерде жана Ош шаарынын мэриясында пунктары ачылып, гуманитардык жардамдарды кабыл алуу иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле ӨКМге караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Баткен облусуна күйүчү май, ун, шекер, суу май бөлүнүп берилди.
Ал эми БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан 400 тонна азык-түлүк гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин маалымдашты.