Баткенде Өзбекстандан жер семирткич мыйзамсыз ташылып келе жатканы аныкталды

Баткенде Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 3 тонна жер семирткич кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бажычылар Баткен районунун Чек айылында К.А.Д. аттуу кыргыз жарынын башкаруусунагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан минералдык жер семирткич табылган. Ошондой эле жүккө таандык эч кандай документтер болгон эмес. Товардын жалпы салмагы 3 250 килограммга жетип, анын баасы 123 миң 500 сомду түзөт.
Факт боюнча чогултулган материалдар Бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын бажылык иликтөө секторунда каралууда.