Баткенде өткөн жылы жол кырсыгынан 46 адам каза болгон

 Баткенде өткөн жылы жол кырсыгынан 46 адам каза болгон

Өткөн жылы Баткен облусунун аймагында жол кырсыгынан 46 адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жыл жыйынтыгы учурунда айтылды.

Жыйында былтыр жыл ичинде облус аймагында жалпысынан 339 жол унаа кырсыгы катталып, 46 жаран каза болсо, 581 жаран денесинен ар кандай жаракат алып, ооруканага кайрылган. Ал эми жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын саны 85, каза болгондор 5, денелеринен ар кандай жаракат алгандар 110ду түзгөн.

Жол кырсыктары көбүнчө Кадамжай жана Кызыл-Кыя аймактарында катталгандыктан тийиштүү жетекчилер тартиптик жазага кириптер болушкан.

Жанылыктар