Баткенде үйсүз калгандардын күнүмдүк чыгымына 200 миң сомдон берилет

 Баткенде үйсүз калгандардын күнүмдүк чыгымына 200 миң сомдон берилет

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда турак жайсыз калган баткендиктерге убактылуу жашоого кеткен чыгымдарын жабууга атайын эсептен 200 миң сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө чогулган 320 млн сомдон аталган төлөмдөргө 49,6 млн сом бөлүндү. Бул каражат 400 үй-бүлөгө бөлунүп берилет.

“Ар кандай деңгээлде жаракат алган жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация өзүнчө берилет. Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги тиешелүү токтомдун долбоорун даярдап жатат. Кыйраган жана бузулган үйлөрдү жана объекттерди калыбына келтирүү үчүн өзүнчө каражат каралган. Бул үчүн республикалык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн”, – деди Дүйшеева.

14-17-сентябрдагы чек ара чырында Баткен облусунда 661 турак жай талкаланган. Анын ичинен 423ү жараксыз деп табылган.

Жанылыктар