Баткенде үч прокурор кызматынан алынды

 Баткенде үч прокурор кызматынан алынды

Нуркамал Набиев

Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асатов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Халмурзаев ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан тастыктады. 

Бир канча массалык маалымат каражаттары мындай чечим Лейлектеги жер чырына байланышкан окуядан улам кабыл алынганын жазып чыгышты.

Буга чейин Нуркамал Набиев журналист Ыдырыс Исаковдун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Туратбай Бостоновдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу иликтөөсүндө аты аталган.

Жанылыктар