Баткен: жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат

 Баткен: жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат

Cүрөт интернеттен алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Төрт-Көчө тилкесинде куралдуу кагылыштан улам Ак-Татыр айыл аймагынын Орто-Боз айылынын тургундарын Баткен районунун Рават айылына көчүрүүлүдө.

Ошондой эле, Жака-Орук, Ак-Татыр айыл аймагынын Үч-Дөбө, Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын жергиликтүү тургундары эвакуацияланууда. Алар жеке автоунаалары менен Баткен районунун Рават айылына кочүрүлүүдө.

Кооптуу аймактардан Максат, Кулунду, Сада айылдарынын жергиликтүү тургундары Лейлек районунундагы туугандарына жеке унаалар менен эвакуацияланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумча жарандарды кабыл алууга даярдыктарды көрүүдө. Эвакуациялоо жумуштарына 90 ашуун куткаруучу тартылды.

Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтары “Өзгөчө кырдаал” режимге өткөрүлдү.

Жанылыктар