Баткен, Ысык-Көлдөгү айылдарга суу чыгарылат. Депутаттар каржылык долбоорун карап чыгышты

 Баткен, Ысык-Көлдөгү айылдарга суу чыгарылат. Депутаттар каржылык долбоорун карап чыгышты

Кечээ, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Ысык-Көл, Баткен облустарындагы суу жетпеген айылдарды суу менен камсыздоо маселеси каралды.

Жыйында белгилүү болгондой, Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун аткаруу келишими түзүлгөн.

Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу, Бөкөнбаев жана Кажы-Сай айылдарындагы суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана тазалоочу курулмаларды калыбына келтирүү жана куруу, ошондой эле Баткен облусундагы бир катар айылдарында суу менен камсыздоонун жаңы системаларын куруу жана мурда болгондорун калыбына келтирүү иштери аткарылат.

Ал үчүн долбоордо жалпы 100 миллион АКШ доллары каралган. Кыргызстан анын 50 миллион АКШ долларын кредит түрүндө, калганын гранттын негизинде алат.

Талкуу маалында депутат Улан Бакасов макулдашууну колдой тургандыгын белгилеп, башка облустарда да таза жана сугат суу маселеси курч экенин эске алуу керектигин кошумчалады.

Ал эми депутат Алишер Козуев алынган каражаттарды максаттуу пайдалануу зарылчылыгын баса белгиледи.

Талкуудан соң мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Эми аталган долбоор Жогорку Кеңеште толугу менен колдо тапса жумуштар ушул жылдан башталып, 2028-жылга чейин бүткөрүү мерчемделген.

 

Жанылыктар