Баткен: УКМКнын аскер кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшырылды

Кечээ, 21-октябрда Баткен шаарында УКМКнын аскер кызматкерлерине капиталдык оңдоодон өткөн 16 кызматтык батирдин ачкычын тапшыруу аземи өттү.
Аталган иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Баткен облустук УКМКнын башкы башкармалыгы жана өздүк курамы катышты.
Ачкычтарды тапшыруу учурунда Качыбек Ташиев мамлекет тарабынан алыскы тармактарда кызмат өтөгөн аскерлердин жашоо-тиричилик шарттары мындан ары да жакшыртылышы уланаарын баса белгиледи.