Баткен: Тажикстандан 2,75 млн. доллар алып чыккандар кармалды

 Баткен: Тажикстандан 2,75 млн. доллар алып чыккандар кармалды

Баткен районунун Кара-Бак айылында Тажикстандан аткезчилик жол менен 2 миллион 750 миң доллар алып кирген төрт жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Кара-Бак айылында туулган (аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү), 41 жаштагы Т.А.М. аттуу киши айдап келе жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.”Автоунааны тинтүү учурунда жүк салгычынан желим баштыктарга таңгакталып, скотч менен оролгон алты брикет табылган. Анын ичинен Тажикстандан аткезчилик менен алып келген 2 миллион 750 миң доллар чыккан. Мыйзамсыз иштерге тиешеси бар деген шек менен Кыргызстандын төрт жараны кармалды”, — деп айтылат маалыматта. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүгү (“Экономикалык аткезчилик”) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тиешелүү тергөө жана ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

Жанылыктар