Баткен: Талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңылары качан салынары айтылды

 Баткен: Талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңылары качан салынары айтылды

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан талкаланган турак жайлардын орудан жаңылары эки күндөн кийин салына баштайт. Бул тууралуу бүгүн, президенттин администрациясынын башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев Баткенге болгон иш сапарынын алкагында билдирди.

Анын айтымында, ведомстволор аралык комиссия өзүнүн ишин тез арада аяктап, 26-сентябрдан баштап турак жайларды сала баштайт.

“Жабыр тарткан турак жайларды эл аралык уюмдардын өкүлдөрү көрүп кетишти. Биринчи күндөн баштап курулуш техникалары келип баштайт. Үйлөрдүн салынышы республикалык бюджеттен каржыланат. Үйлөр салынганда да кирпич менен салынат. Үстү монолит менен жабылат. Бүт эски үйлөр алынат да, жаңы имараттар тургузулат”, – деди Жунушалиев.

Кечээ, 23-сентябрда ӨКМдин жарандык коргонуу боюнча өкүлү Кыялбек Курганбаев ОшТВ телеканалында маек куруп жатып, чек ара чырында 613 турак жай жабыркаганын билдирген. Анын ичинен 426 үй жашоого жараксыз деп табылды, калган 187 турак жай оңдолуп-түзөлүүгө муктаж.

Учурда атайын түзүлгөн комиссия келтирилген чыгымдарды эсептеп жатат.

 

Жанылыктар