Баткен-Согди облустарынын башчылары жолукту

Бүгүн 13-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал боюнча жолугушуунун экинчи бөлүгү жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 11:00дө президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен жолугушуусу башталды.
Өкүлчүлүк жолугушуунун жыйынтыгы боюнча маалымат бериле турганын кошумчалады.
Кечээ, түнкү саат 03:00дөн 03:55ке чейин “Кулунду-авто жол” (КР) жана “Овчи-Калча-авто жол” (РТ) көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы аймакта Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өткөн.
Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө созулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.