Баткен-Согди башчылары чыр чыккан жерге барышты

 Баткен-Согди башчылары чыр чыккан жерге барышты

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода окуя катталган Баткен районунун Булак- Башы жергесинен Баткен районунун Достук айылына барышты.

Президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, эки тараптын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте ок атышуу катталган Достук айылында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Чек ара кызматынын саат 14:40ка карата маалыматына ылайык, Баткен районунун Как-Сай жерлигинде эки Тараптын чек ара тарамдарынын ок атышуусу токтогон.

Жанылыктар