Баткен шаарына алып келинген автобустардын үчөө каттамга чыкты

Былтыр ноябрда Баткен шаарына биринчи жолу алып келинген алты автобустун үчөө бүгүн, 25-январдан баштап каттамга чыкты. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматта айтылгандай, маршруттук каттам Жибек-Жолу, И. Жусупов, Сайдиман ажы, К.Тумаматов, И. Раззаков көчөлөрүндө, Чет-Булак кварталы боюнча жүрөт. Жол кире акысы 15 сом.
Ошондой эле автобустардын калган үчөө лицензия даяр болуп, тиешелүү уруксат берилсе катталган коюлмакчы.
Белгилей кетсек, Баткен шаарына биринчи жолу 6 автобус алып келинген. Шаар калкын тейлөөгө багытталган автобустар “Айыл Банк” тарабынан 6 жылдык мөөнөттө лизинг аркылуу алынган.