Баткен: Сүлүктүдөгү сайда 43 жаштагы жарандын сөөгү табылды

 Баткен: Сүлүктүдөгү сайда 43 жаштагы жарандын сөөгү табылды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын Тытты тоо тилкесиндеги сайда 43 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, бүгүн, 15-апрелде Лейлек райондук өзгөчө кырдалдар бөлүмүнө түшкөн маалыматта Сүлүктү шаарынын Тытты тоо тилкесиндеги сайда белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы айтылган.

Ошол замат №74 ӨККБнөн 5 куткаруучу тартылып, каза болгон белгисиз жарандын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Такталган маалыматка ылайык, маркумдун өздүгү аныкталып, Сүлүктү шаарына караштуу Караул-Кыштак айылынын 1979-жылы туулган К.Н.Б. экендиги такталган.

Жанылыктар