Баткен: Ооруканаг курулушуна президенттик фонддон 97млн сом бөлүндү

Баткен районунун Самаркандек айылында 75 орундуу оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдирди.Маалыматка караганда, оорукана президент Садыр Жапаровдун атайын чечиминин негизинде курулуп жатат. Курулушка президенттин фондунан 97 млн 467 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.Кечээ, 1-августа курулуш ишинин жүрүшүнөн Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев кабар алып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн жеринен угуп келген.