Баткен ОИИБ: Кадамжайда түн ичинде ата-баланы өлтүрүп кетишкен

 Баткен ОИИБ: Кадамжайда түн ичинде ата-баланы өлтүрүп кетишкен

Кечээ, 18-октябрь күнү саат 22.30дар чамасында Кадамжай районунун 61жаштагы тургуну Ш.К. жана  29 жаштагы К. у.Рны белгисиз жарандар ок атуучу курал менен атып, 59 жаштагы Ш.Мди (аял киши) уруп, изин жашырып кетишкен. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, октон жараат алган Ш.К.менен К. у. Р. Окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми денесинен жараат алган Ш.М. Кадамжай  райондук ооруканасына жеткирилген.

Бул окуя боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп,  сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Каза болгон жарандарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар