Баткен облусунда 1 миллион сомдук аткезчилик энергетикалык суусундуктар кармалды

 Баткен облусунда 1 миллион сомдук аткезчилик энергетикалык суусундуктар кармалды

УКМК кызматкерлери 6 миң 60 банка энергетикалык суусундук түрүндөгү контрабандалык жүк кармашты.  Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 8-майында Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын аймагында, Сох анклавына жакын жерде, КР УКМК чек ара кызматкерлери менен биргеликте  энергетикалык суусундуктарды ташып бара жаткан “Мерседес Бенц Спринтер” жана “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү автоуналардын айдоочулары Б.Н. жана С.М. менен кармалган.

«Айдоочулар 1 миллион сомдон ашык суммадагы аткезчилик жүктү алып өтүүгө аракет кылышкан», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Жанылыктар