Баткен облустук милициясынын жетекчисинин орун басары каза болду

 Баткен облустук милициясынын жетекчисинин орун басары каза болду

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев 47 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу маалыматты милициянын басма сөз кызматынан билдирди. 

Азырынча Мухамадиевдин өлүмүнүн себептери ачыктала элек. Бирок айрым массалык маалымат каражаттары киши колдуу болгонун жазып чыгышты.

Аскарали Мухамадиев 1974-жылы 20-апрель күнү Ош облусунун Баткен районунун Достук айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын ИИОна 26 жашында 2000-жылы кабыл алынып, үзүрлүү эмгектенип келген. Аскарали Мухамадиев Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын ИИМнин сыйлыктары менен сыйланган.

Жанылыктар