Баткен: Облус башчысы чек арадагы чырда жарат алган тургундардан кабар алды

 Баткен: Облус башчысы чек арадагы чырда жарат алган тургундардан кабар алды

27-январда кыргыз-тажик чек арасында катталган окуядан 13 жаран жарат алган. Бүгүн, 29-январда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облустук биргелешкен ооруканасында дарыланып жаткандардан кабар алды.

Облус башчысы дарыланып жаткан  жарандарды тез арада сакайып кетишин каалап, алардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн,  колдоолор көрсөтүлөөрүн билдиргенин өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда жабыркагандардын бардыгы Баткен облустук бириккен ооруканасына жаткырылган, алардын абалы орточо деп бааланып, тиешелүү дарылоо жүргүзүлүүдө.

Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал туруктуу. Түнкү абал тынч, эч кандай терс көрүнүшсүз өттү.

Кыргыз-тжик күч түзүмдөрү  биргеликте коомдук абалды күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөшүүдө.

Жанылыктар