Баткен милициясы кенже жетектөөчү курамындагы кызматтарга конкурс жарыялады

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кенже жетектөөчү курамындагы кызматтарга конкурс жарыялаганын кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, конкурска 19 жашка толгон жана 30 жашка чейин мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган, анык аскердик кызматты өтөгөн, же үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн, бою 170 см. кем эмес Кыргызстандын жарандары катыша алат.
Тиешелүү документтер 2022-жылдын 10-январдан 10-февралга чейин кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.
Дареги: Баткен шаары, Разаков көчөсү 4. Байланыш үчүн номерлер: 03622 5-02-75