Баткен коогалаңында соцобъекттерди кайтарган чоң-алайлыктар ардагер макамын берүүнү суранышты

 Баткен коогалаңында соцобъекттерди кайтарган чоң-алайлыктар ардагер макамын берүүнү суранышты

1999-2000-жылкы Баткен согушунун чоң-алайлык катышуучлуары аларга «согуш ардагери» деген макам берилей калганын айтып чыгышты. Алар мындай билдирүүнү бүгүн, 16-февраль маалымат жыйында билдиришти.

Алардын айтымында, 1999-2000-жылы Ооганстандан оогон согушкерлер Чоң-Алайдын районунун тоолорунда да болгон, ал жакты бир топ кооптулук жаралып, алар райондогу социалдык объектилерди коргоп турушкан.

Өзүн Чоң-Алай-Баткен согушунун катышуучулар кеңешинин Чоң-Алай айыл өкмөтү боюнча төрагасы экенин айткан Жетимиш Нышанов согуш ардагерлеринин нааразылыгын мындайча түшүндүрдү.

«Биз 1999-жылы июнь айларында Алай райондук аскер комиссариатынын Чоң-Алай районунундагы филиалы аркылуу чакыруу менен чакырылганбыз. Ошондон баштап, июнь, июль, августа даярдыктан өткөнбүз. 1999-жылы 29-августта Кара-Тейит деген айылга бомба түшкөндөн кийин, ошол кездеги Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын буйругу менен кайрадан чакыртылып, күчөтүлгөн кырдаалда райондун борбору-Дароот-Коргондогу социалдык объектерди кайтарууга алганбыз. Соцобъектердин ичинен банктар, мектептер, ооруканалар, көпүрөлөрдү, согушчандар келе турган капчыгайларды кайтарганбыз. Ошол мезгилден баштап, мына быйылкы жыл менен кошкондо 24 жыл өттү. Биз ардагербиз деп эле өзүбүз эле сүйүнүп жүрүппүз. Бирок, биздин «ардагер» деген макамыбыз жок экен. Ал боюнча биз акимге, губернаторго, Коргоо министрлигине, Мобилизациялык башкы башкармалыкка, депутаттарга, президентке кайрылдык.  Эч кандай жыйынтык чыккан жок. Ошондуктан, ушул көйгөйлүү маселе боюнча келдик. Макам албай калган 45 адам бар эле, анын бир нечеси кайтыш болуп, азыркы учурда 33 адам калдык. 1999-жылы 29-августтан баштап, 26-октябрга чейин күчөтүлгөн кырдаалда соцобъектерди карадык. Ал боюнча аскердик билеттерибизга жазуу жүргүзгөн. КРдин өкмөтүнүн №509-токтому чыккан. Кызматтык күбөлүк берилген бардыгыбызга. Макамды алуу боюнча Башкы прокурорго, аскер прокуратурасына, райондук сотко кайрылдык, депутаттарга кайрылдык. Премьер-министрге, Коргоо министрине кат жаздык. Эя кандай жыйынтык чыккан жок. Биздин талабыбыз: биздин аткарган эмгегибиз жерге тебеленип жатат, Ошондуктан, бизге «согуш ардагери» деген макам берсин. Урматтуу президентибизден да суранабыз, бизге «Чоң-Алай-Баткен согушунун ардагери» макамын берүүсүн суранабыз. Ошондой эле мыйзамда каралган жеңилдиктерди берүүнү сураныбыз»,- деди Нышанов.

Ал эми Абдылда Темирбердиев ошол кезде аларга курал карматып, 120 даанадан ок бергенин, аскер комиссариатына чагырылгандан кийин күжүрмөн даярдыктагы аскер болгону, андыктан «согуш ардагер» деген макамга толук татыктуу экендерин кошумчалады.

Жанылыктар