Баткен: Эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайтышты

 Баткен: Эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайтышты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Лейлек менен Баткен райондорунда абал турукташа баштагандыктан, айыл тургундары үйлөрүнө кайтып жатканын кабарлады. 

Жакындарынын үйлөрүнө өз алдынча эвакуацияланган 17799 жарандын ичинен 8687 адам туруктуу жашаган ордуларына кайтышты.

Ал эми, ӨКМ тарабынан убактылуу жайга жайгаштырылган Лейлек районунун 554 жараны толугу менен жана Баткен районунда 33 жаран үйлөрүнө кетишти.

Мындан сырткары 80ге жакын куткаруучу тартылып, тиешелүү 7 техникасы даярдыкта турат. Жарандарды ташуу үчүн Райондук Жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 44 бирдик автоунаа тартылды.

Эскерте кетсек, абал курчуган айылдардан жалпы 18507 жаран эвакуацияланып, анын ичинен туугандарынын үйлөрүнө өз алдынча жайгашканы 17799 жаран (3398 үй-бүлө), ал эми убактылуу жайларга жайгашкан тургундардын саны 708 жаранды түзгөн.

Жанылыктар