Баткен: чек арага чектеш айылдардагы мектептерде окуу башталды

 Баткен: чек арага чектеш айылдардагы мектептерде окуу башталды

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы бүгүн, 31-январь күнү Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек, Көк-Таш, Ак-Сай, Орто-Боз, Паскы-Арык, Таш-тумшук айылдарында жайгашкан орто мектептер окуу кайрадан башталганын билдирди. 

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Көк-Таш айылындагы 2022-жылдын 27-январындагы Тажикстан тараптын куралдуу кол салуусунан улам чек арадагы айылдардагы мектептер убактылуу токтотулган.

Мектеп окуучуларынын коопсуздугун балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери көзөмөлгө алып, жеринде күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Мындан сырткары аталган аймактарда коомдук тартипти көзөмөлдөө, чагымчыл аракеттерге жол бербөө максатында ИИОнун кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жанылыктар