Баткен: чек арадан баңгизатты алып өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды

Баткенде кечээ, 8-февралда чек арадан наркотикалык каражаттарды алып өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, чек арачылар кызмат өтөө учурунда Кыргызстандан Өзбекстанды көздөй мамлекеттик чек арага бара жаткан жаранды байкашкан жана чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү аракетине бөгөт коюу максатында аны кармашкан. Колунда кармаган баштыкчасы бар болгон.
Текшерүү учурунда баштыкчанын ичинен өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты, болжолдуу түрдө гашиш баңгизаты табылган, жалпы салмагы 2 кг 500 гр түзгөн.
Окуянын чоо-жайын тактоо учурунда кармалган жаран Өзбекстандын 27 жаштагы А.А.у. аттуу жараны экени белгилүү болду.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана баңгизаттар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.