Баткен: чек арадагы чырдан улам электр жабдыктар жабыркап, кээ бир аймактар жарыксыз калды

 Баткен: чек арадагы чырдан улам электр жабдыктар жабыркап, кээ бир аймактар жарыксыз калды

Бүгүн 27-январ кечинде, кыргыз-тажик мемлекеттик чек арасында абал курчуганына байланыштуу, Баткен РЭТ инде 35/10 кВ Самаркандек көмөкчү чордонунан чыккан 10 кВ Орто-Боз аба чубалгысы үзүлдү.

Ошэлектродон билдиргендей, кырдаалга байланыштуу Ак-Сай, Көк-Таш,Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калды. Азыркы кырдаалга байланыштуу ремонт жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок.

Кырдаал турукташканда Баткен РЭТинин кызматкерлери аба чубалгыны оңдоп, үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүгө даяр.Баткен облусунун башка аймактарында электр тармактары штаттык режимде иштөөдө, өчүрүүлөр катталган эмес.

Учурда башка аймактарда эч кандай өчүрүүлөр жок, баардык райондор «Ошэлектр» ишканасынын көзөмөлүндө жана райондук электр тармактар ишканалары күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Жанылыктар