Баткен: чек арадагы чырда жаракат алгандардын саны 59га жетти

 Баткен: чек арадагы чырда жаракат алгандардын саны 59га жетти

Саламаттык сактоо министрлиги 16-сентябрь, саат 20:00гө карата Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жаракат алгандардын саны 59 кишиге жеткенин кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаракат алгандардын ичинен 3 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар.

Каза болгон учурлар боюнча маалымат такталууда.

Жанылыктар