Баткен: чек арадагы чырда бир аскер кызматкери жаракат алды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы саат 14.15ге карата Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде ок атышуу токтогонун маалымдады.
Саат 14:07де тараптардын чек ара тарамдары ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын саат 14:15ке чейин аткылоону улантты.
Ок атышуу учурунда УКМКнын Чек ара кызматынын 1 аскер кызматкери жаракат алып, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Азыркы учурда ок атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү иш алып барышууда.
Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүшүүдө.