Баткен: чек арадагы чыр чыккан айылдардын тургундары көчүрүлүп жатат

 Баткен: чек арадагы чыр чыккан айылдардын тургундары көчүрүлүп жатат

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү чыр чатак орун алган аймактан элдерди коопсуз жайларга көчүрүлүп жатканын маалымдады. 

Президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев баш болгон жергиликтүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо аракетинде, ыкчам иш аракеттерди жүргүзүүдө. Учурда чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

“Чыр чатак орун алган аймактан элдерди коопсуз жайларга көчүрүү боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп,чек аралаш аймактан азыркы учурда коопсуз жайга чыгарылууда. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык. Азыркы учурда чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө. Такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана авто жолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19.30 карата жол каттамы ачылган”,- деп айтылат маалыматта.

Бирок кайра эле саат 19.35 чамасында кырдаал курчуп тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.
Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда. Тажик тарап минамет жана гранатомётторду колдонууда.

Жанылыктар