Баткен: Чек арадагы атышууда эки аскер жараат алды

Учурда бир жабырлануучу ооруканада жатат, алгачкы хирургиялык дарылоо жүргүзүлгөн, абалы орто.
Экинчи жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үй шартында дарыланууга жөнөтүлгөн.
Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Саат 21:17 чамасында эки тараптын жетекчилиги сүйлөшүп жаткан учурда тажикстандык чек арачылар Кыргызстан тарапка ок чыгарып, 30 мүнөттөй атышып турушкан. Андан Чек ара кызматынын 2 аскери жарадар болгон.
Эки тараптуу сүйлөшүү түнкү саат 03:00 дө башталып, 04:00дө аяктады. Ал «Кулунду» бекетинде болду.
Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч.
Баардык укуктары корголгон. oshtv.kg сайтында жайгаштырылган материалдар жеке тараптын колдонуусу үчүн гана. Сайттагы материалдарды колдонгонго, көчүргөнгө, жайгаштырганга жана жайылтууга макулдашуусуз уруксат берилбейт. Колдонулган материалдарга шилтеме сөзсүз болушу зарыл. ОшТВ телерадиокомпаниясы