Баткен: чек арада кыргыз-тажик аксакалдары жолугушту

 Баткен: чек арада кыргыз-тажик аксакалдары жолугушту

Бүгүн, 4-феврлада Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Согди облусунун Чорку жамаатынын Самонен, Майский кыштагынын аксакалдары жолугушту.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, аксакалдар эки элдин ортосундагы карым-катнашты бекемдөө, мамилени улантуу максатында чектешкен аймактарда жолугушууларды өткөрүп жатат.

Жолугушууларда Баткен РИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев менен Согди облусунун Исфара-2 РИИБнин начальниги милициянын подполковниги Анвар Рахманзода, Ворух ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Миролизода Субхан  биргеликте коопсуздукту камсыздоо, туруктуулукту сактоо максатында аксакалдардын жолугушууларына катышууда.

Жолугушууда эки тараптын аксакалдары эзелтеден бери кошуна экендиктерин, бир арыктан суу ичерин белгилешип, биримдикте жашоо керектигин билдиришти. Жаштарды да ынтымакка чакырып, карым-катнашты бекемдейбиз деп сөз беришти.

Жанылыктар