Баткен: чек арада кыргыз-тажик аксакалдары жолугушту. Видео

Бүгүн, 11-февралда Баткен районунун Самаркандек жана Паскы-Арык айылдарынын аксакалдары менен Тажикстан Республикасынын Исфара районунун Чорку айылынын жана Фердавси участогунун аксакалдары жолугушту. Ага 150 жакын аксакал катышты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун максаты эки элдин ортосундагы мамилени калыбына келтирип, мындан ары чек ара маселеси чечилмейинче чыр-чатакка жол бербөө, эки тарап өз айылындагы жаштарды ынтымакка чакыруу, чагымчыл маалыматтарды таркаткандарга чара көрүү.

Жолугушууда аксакалдар эки элдин ынтымагын бекемдеп, спорттук иш-чараларды өткөрүп турууну туура көрдү.

Бул жолугушуу Баткен РИИБнин жана Исфара-2 РИИБнин жетекчилери аркылуу демилгеленип өткөрүлүүдө. Буга чейин Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай,  Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Согди облусунун Соманен,  Майский кыштагынын аксакалдары жолугушуп ынтымакка келишкен.

Жанылыктар