Баткен: чек арада эки аскер кызматкери жаракат алды

 Баткен: чек арада эки аскер кызматкери жаракат алды

Баткен облусундагы Булак-Башы жерлигинде орун алган куралдуу чыр-чатакта чек ара кызматынын 2 аскер кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, минометтун снарядынын жарылышынын натыйжасында бир чек арачы жеңил жараат алган – минометтун снарядынын сыныктары денесине чийип өтүп, экинчи жоокер контузия алды.

Аларга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, аскер кызматкерлери дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын ден соолугунун абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Жанылыктар