Баткен: Чек ара чырынан улам 644 жаран убактылуу жайга жайгаштырылган

 Баткен:  Чек ара чырынан улам 644 жаран убактылуу жайга жайгаштырылган
Баткен облусунун Лейлек районунда 2022-жылдын 12-апрель күнү саат 19:20 чамасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде катталган кырдаалга байланыштуу жергиликтүү калк туугандарына жана убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирүү таратты.
Баткен облусу боюнча жалпысынан 644 жаран (53ү эркек, 246 аял, 345 жаш балдар) убактылуу пункттарына жайгаштырылган, анын ичинен 50 тургун өз үйлөрүнө кайтышты.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан облус  аймагында 1700 орундуу 13 убактылуу жайгаштыруу пункттары даярдалды.
Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук, Арка, Борбордук, Жаштык, Максат айылдарынын тургундары Маргун жана Бешкент айылына жайгаштырылган.
Ал эми Интернационал, Кулунду, Раззаков, Ак-Арык, Булак-Башы айылдарынын тургундары И.Раззаков шаарына, Эскиоочу айылынын тургундары Лайли айылындагы убактылуу пункттарына эвакуацияланды.
Ал эми Баткен району боюнча Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Орто-Боз айылынын тургундары Ак-Татыр айылына, Ак-Сай жана Самаркандек айылынын тургундары Баткен шаарына жана Рават айылына жайгаштырылды.
Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч экендиги айтылууда.

Жанылыктар