Башкы прокуротура: УКМКнын жана байланыш агентигинин кызматкерлери коррупцияга шектелүүдө

Сүрөт интернеттен алынды
Аскер прокуратурасы радиожыштык спектрин пайдаланууга берилген лицензиянын мөөнөтүн мыйзамсыз узартууга байланышкан коррупциялык кылмыштын бети ачып, сотко жиберди. Бул тууралуу башкыпрокуротуранын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматта “Скайнет Телеком” компаниясына берилген лицензиянын мөөнөтүн мамлекеттик байланыш Агенттигинин жана УКМКнын жооптуу кызмат адамдары аталган компаниянын башчылары менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барышып, старттык баасы 6 млн сомдон кем эмес бааланган лицензияны 4 миң доллар пара аркылуу мыйзамсыз узартып беришкендиги аныкталганы айтылат.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен “Скайнет Телеком” компаниясынын 2, мамлекеттик байланыш Агенттигинин 2 жана УКМКнын 1 жооптуу кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча жоопко тартылышып, иш соттун кароосуна жиберилди.
Ал эми, “Скайнет Телеком” компаниясына берилген старттык баасы 6 млн 212 мин 850 сомдук лицензия мамлекетке кайтарылып, мамлекеттик бюджетке 3 млн сом өндүрүлдү.