Башкы прокуротура: чек ара боюнча “Кактус Медиа” тараткан маалыматтын мыйзамдуулугуна баа берилет

 Башкы прокуротура: чек ара боюнча “Кактус Медиа” тараткан маалыматтын мыйзамдуулугуна баа берилет

Башкы прокуротура чек ара маселеси жөнүндөгү “Кактус Медиа” басылмасындагы жарыяланган маалыматтын мыйзамдуулугуна баа берүү боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди. 

“27-январда “Кактус Медиа” сайтында чек ара аймагындагы куралдуу кагылышуу тууралуу макала жарыяланган. Макалада Кыргызстандын аскерлери Тажикстан тарапка биринчилерден болуп ок атып провокация кылды делген чындыкка дал келбеген маалымат чагылдырылган”- деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Белгиленген аракеттин мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан тергөө улантылууда.

Жанылыктар