Башкы прокурор “Кактус Медиа” тараткан маалымат боюнча пикирин айтты

Бүгүн, 9-февралда башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттерге басма сөз жыйын куруп, чек ара боюнча “Кактус Медиа” тараткан маалымат тууралуу пикирин билдирди.
Зулушевдин айтымына караганда, эгерде тергөөдө жана экспертизада “Кактус Медиа” тараткан маалыматтын курамында кылмыш далилденсе, сөзсүз жоопко тартылат. Эгер кылмышы далилденбесе кыскартылат.
“Аталган кылмыш Биринчи Май райондук прокуротурасы тарабынан козголгон. Бүгүн Бишкек шаардык прокуротурасы тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Экпертиза дайындалган, жообу алына элек. Ал жерде кыргыз мамлекети биринчи ок чыгарды деген маалымат болгон. Муну өзүңүздөр билесиздер эки мамлекеттин ортосундагы чек ара боюнча олуттуу маселе бар. Журналисттпи жөнөкөй жаранбы мамлекеттик кызматкерби деги эле мыйзам бузуу боюнча бирдей жооп бериш керек. Эгер журналисттерге Кактус Медиа баа берсек эле сөз эркиндигин чектөө болсо бул негизи туура эмес. Ал боюнча сөз эркиндигин чектөө боюнча ой да болгон жок”,- деди Зулушев.
Буга чейин Биринчи Май райондук прокуротурасы Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш иши козголгон.
Ал эми “Кактус Медиа” басылмасы тараткан маалымат боюнча түшүндүрмө берип, ал кабар Тажикстандын Asia Plus басылмасынан көчүрүп жарыяланган маалымат (перепечатка) экендигин билдирген.